Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:51

АКШ Иранга Йеменге курал бербеш керектигин эскертти


АКШ Иранга Йеменге аймакта кемелердин ары-бери каттоосуна коркунуч жаратуучу курал бербөөнү эскерткенин президент Барак Обама кечээги телеинтервьюсунда билдирди.

АКШ президентинин бул сөздөрү Ирандын кемелери Йемендеги шийит козголоңчуларына курал жеткириши ыктымал деген маалыматтарга тушташ айтылды.

Ак үй билдиргендей, АКШнын аскерий учактарды салып жүрүүчү кемеси Аден булуңу менен Кызыл деңиздин ортосунда соода кемелеринин эркин каттоосун камсыздоо үчүн Йемендин жээктерине бара жатат.

Мунун алдында Саудия баштаган коалиция Йемендеги хусит согушкерлерине абадан сокку урууну аяктаганын жарыялаган. Эр-Рияддын ишениминде, төрт апта созулган өнөктүк өзүнүн аскерий максатына жетти.

Йемендеги хусит согушкерлерин колдойт деп саналган Иран аба соккуларынын аякташын кубаттады. (UE)

XS
SM
MD
LG