Климатты изилдөө боюнча 17 институттун башын бириктирген альянс дүйнө лидерлерин декабрда Париждеги саммитте сегиз пункттан турган планды кабыл алууга үндөштү.
Жер лигасы деген альянс бүгүнкү билдирүүсүндө белгилегендей, мындагы башкы максат - дүйнөнү климаттагы опурталдуу өзгөрүүлөрдөн сактап калуу болушу керек.
Бул максатты ишке ашыруудагы чечүүчү маселе - глобалдык жылуулукту эки Цельсийден ылдый түшүрүү жана 2050-жылга карата булганыч газдардын бөлүнүшүн улам кыскартуу.
Илимпоздордун билдирүүсү айлана-чөйрөнү коргоо максатында бүгүн белгиленип жаткан Жер күнүнө тушташ жарыяланды. (UE)