Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Памирлик кыргыздардын 10 баласы Кыргызстанда окуйт


Памирлик кыргыздардын 10 баласы Кыргызстанда окуу мүмкүнчүлүгүн алат. Алар өлкөгө быйыл алынып келинет. Бул тууралуу бүгүн Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен кабарлашты. Министрдин орун басары Алмазбек Асанбаев кечээ Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Авазбек Абдуразаков менен жолугуп, ооган кыргыздарына жардам берүү жолдорун талкуулады.

Элчинин айтымында, бүгүнкү күндө Ооганстандагы Кичи жана Чоң Памирде 1380 этникалык кыргыз жашайт. Табигый шарты оор жерде отурукташкан кыргыздардын дээрлик баары билимсиз, медициналык жардам албагандыктан эне жана балдардын өлүмү көп катталат. Алар балдарын Кыргызстан окутуп берсе "өз мугалимибиз, дарыгерибиз болуп, абалыбыз оңолот эле" деп айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG