24-апрелде Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Кыргыз тоо кыркаларында жаан-чачын болот. Түштүк-батыш жактан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32,
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,
Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 18...23,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градус болот.