Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Орусия АКШнын машыктыруу программасын сынга алды


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Мамкатчысы Жон Керриге америкалык аскерлер украин Улуттук гвардиясын машыктырган программа Чыгыш Украина боюнча убактылуу элдешүүнүн шарттарына каршы келээрин билдирди. Лавров Керри менен кечээ телефондон сүйлөштү.

АКШнын аба күчтөрүнө караган 300 чакты аскердин Украинанын батышындагы машыктыруусу 20-апрелде башталды.

Мунун алдында Кошмо Штаттар Орусиянын Чыгыш Украинага абадан коргонуучу кошумча системаларды жайгаштырып, ошондой эле жикчил күчтөрдү машыктырууга аралашып жаткандыгын билдирген эле.

XS
SM
MD
LG