Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:18

Жээнбеков: Оторбаев Кумтөр боюнча отставкага кетти


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Жоомарт Оторбаевдин отставкасын Кумтөр маселеси менен байланыштырды. Бул тууралуу төрага парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, Оторбаев өкмөт башчысы катары Кумтөр маселесин чече алган жок:

- Сизди отставкага кетирген негизги маселенин бири Кумтөр маселеси болду. Эки жыл бул маселени өкмөт чече алган жок. Сизге чейин Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү да аягына чыгара алган эмес, - деп Оторбаевге кайрылды.

Асылбек Жээнбеков Оторбаевдин отставкасын Кыргызстандагы жаңы саясий маданиятты түптөдү деп кошумчалады.

Бүгүн Жогорку Кеңеште премьер-министр Оторбаев отставкага кетерин жарыялаган. Оторбаев былтыр апрелде “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө” парламенттик коалициясы тарабынан көрсөтүлүп, дайындалган. Бул коалиция КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциясы кирет. Эми мыйзам боюнча өкмөт курамы толугу менен отставкага кетет.(BkA)

XS
SM
MD
LG