Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Орусияда крымдык тарыхчы 7 жылга кесилди


Крымдык тарыхчы Олексий Чирный терроризм айыбы менен эркинен ажыратылды. Орусиянын Түндүк Кавказ райондук соту 21-апрелде Чирныйды Крымдын баш калаасында бир нече террордук чабуул пландаган деп тапты. Тергөөчүлөр менен атайын келишимдин негизинде күнөөсүн мойнуна алган Чирый былтыр май айында украин режисеру Олех Сенцов, активисттер Олександр Колченко жана Хеннадий Афанасьевдер менен бирге Крымда камакка алынган эле. Андан бир нече апта мурда Орусия Крымды өзүнө каратып алган. Тергөөчүлөр менен келишкенден кийин күнөөсүн мойнуна алган Афанасьев да былтыр декабрда жети жылга кесилген. Сенцов менен Колченколор учурда Москвадагы камак жайында сот ишин күтүп жатышат. Алар өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагышкан. Айыптуу деп табылса, экөө 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG