Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:50

ЦРУнун мурдагы башчысы шарттуу түрдө жазага тартылды


Генерал Дэвид Петреустун биографы Паула Бродвелл менен түшкөн сүрөтү
Генерал Дэвид Петреустун биографы Паула Бродвелл менен түшкөн сүрөтү

ЦРУнун мурдагы аскер башчысы Дэвид Петреус бейшембиде соттун чечими менен шарттуу түрдө эки жылга кесилип,100 миң доллар жаза айыпка тартылды. Мунун алдында ал өзүнүн жашыруун маалыматтарга туура мамиле кылбаганын моюнуна алган болчу. Ал айрым маалыматтарды өзүнүн өмүр баянын жазган көңүлдөшүнө айтып бергенин моюнуна алып, бул үчүн өзүн айыптуумун деди. Сот жаза айыптын өлчөмүн 40 миңден 100 миңге чейин көтөрдү.

Дэвид Петреус Иракта жана Ооганстандагы АКШ аскерлеринин командачысы болуп иштеген. Ал 2012-жылы өзүнүн биографы, офицер айым Пауло Бродвелл менен жакындыгы ачыкка чыккандан кийин кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG