Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

ИИМ: Кадыралиев камакка ооруканадан чыкканда алынат


Кылмышка шектелген мурдагы прокурор Канжар Кадыралиев Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алына элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Кызматтын маалыматына караганда, Жогорку Соттун чечими менен мурдагы прокурор аталган тергөө абагына камалышы керек болчу.

Башкы прокуратурадан Кадыралиевди камакка алуу боюнча Ички иштер министрлигине расмий кат жолдонгонун кабарлашты. Ал эми Ички иштер министрлиги Кадыралиев учурда ооруканада экенин билдирүүдө. Ал ооруканадан чыккан соң камакка алынат.

Бирок буга чейин Кадыралиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов айыпталуучу учурда Ош шаарында экенин "Азаттыкка" айткан. Ал жакка анын ишин тергеп жаткан тергөөчүнүн чакыруусу менен барган.

Шейшембиде Жогорку Сот Кадыралиевди 26-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Башкы прокуратура буга чейин Социал-демократтар фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Аны камакка алуу чечимине карабай Кадыралиев беш айга жакын качып жүрүп, март айында прокуратурага өзү келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG