Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 23:06

Лорд Клэнвильм: Кумтөрдөгү абал менен таанышуу мүмкүнчүлүгү берилген жок


“Центерра Голддун” учурдагы башкаруучуларын алмаштырууну Кыргызстанга сунуштаган британиялык ишкерлер лорд Клэнвильям (Патрик Мид) жана Мартин Грэхем Кумтөр кениндеги абал менен тааныша алган жок. Бул тууралуу лорд Клэнвильям “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга сапарынын алкагында алар "Кумтөр кениндеги абал менен таанышууну көздөшкөн, бирок ишкана жетекчилиги мындай мүмкүнчүлүк түзүп берген жок".

Британиялык адистер акыркы жылдары кендеги абал абдан начарлап, “Центерранын” миноритардык акционерлери да башкаруучуларга нааразы экенин кошумчалашты.

Аталган ишкерлер 22-апрелде Бишкекке келип, өз сунуштары боюнча жолугушууларды өткөрүүдө. Алар бүгүн Жогорку Кеңеш депутаттары менен жолугары күтүлүүдө. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG