Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Текебаев: Оторбаев «Центерра» үчүн кетти


Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жоомарт Оторбаевдин отставкасын анын «Центерра Голддун» директорлор кеңешин алмаштыруу демилгеси менен байланыштырды. Депутаттын "Азаттыкка" айтымында, жогорку бийлик органдарындагы айрым адамдар Оторбаевдин бул демилгесин колдогон жок, ал эми Ян Аткинсон баштаган “Центерра Голддун” учурдагы жетекчилиги бул демилгени ишке ашырбоого болушунча аракет кылып жатат.

Текебаев парламенттеги көпчүлүк коалиция ушул курамда калса жаңы премьер-министрди 15 күн ичинде дайындоо керек экенин билдирди.

- Буга чейин коалиция куроо мандатын президент Социал-демократтар фракциясына тапшырган. Ошондуктан премьер-министрдин талапкерлигин ушул фракция көрсөтөт деп күтүп жатабыз, - деди “Ата Мекендин” лидери.

23-апрелде Жоомарт Оторбаев премьер-министрликтен кетерин парламентте жарыялады. Бүгүн президент анын отставкасын кабыл алды. Мындан соң өкмөт толук курамы менен отставкага кетти. Жаңы өкмөт келгенче азыркы премьер-министр, вице-премьерлер, министрлик жана ведомство жетекчилери милдетин убактылуу аткарып турат.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Оторбаев премьер-министрликке былтыр апрелде дайындалган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG