Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

Мэрия: Жеңиш аянтындагы митинг-реквием 9-майда өтөт


Жеңиш аянтында жылда өтүүчү митинг-реквием быйыл да 9-майда болот. Бул тууралуу бүгүн Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Мэриянын маалыматы боюнча, эскерүү митинги, Бишкек гарнизонунун парады, ардагерлер үчүн "аскердик ботко" жана кечки салют адаттагыдай эле 9-майда өтөт. Болгону аскердик парад 7-майда "Ала-Тоо" аянтында өткөнү жатат. Аны мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзү кабыл алат.

Ал эми 9-майда Атамбаев Москвадагы аскердик парадга катышат. Бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстандан 10 ардагер да жөнөп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG