Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Алматыда курулуп жаткан көпүрө кулады


Рыскулов-Саин көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн курулушу 2014-жылы башталган.
Рыскулов-Саин көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн курулушу 2014-жылы башталган.

Кырсыктан жабыркаган 19 адам ооруканага жеткирилди. Алардын үчөө оор абалда. Бул тууралуу Алматы шаардык Өзгөчө кырдаалдар департаментинин өкүлү Нурлан Мадияров билдирди.

Жабыркагандардын баары курулуш аянтында иштеп жаткан жумушчулар. Кырсык болгон учурда алардын 52си иштеп жаткан. Куткаруучулар азыр урандылардын астынан дагы бир адамды издөөдө.

Окуя 24-апрелде түшкө маал Рыскулов жана Саин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Көпүрөнүн курулушу 2014-жылы башталган, быйыл аяктамак.

Долбоор боюнча узундугу 125 метр, туурасы 11-18 метрди түзгөн көпүрөнү “Базис-А” компаниясы куруп жаткан.

Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG