Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Москвадагы Жеңиш майрамына Кыргызстандан 10 ардагер катышат

Улуу Жеңишке арналып Москвада өтө турган майрамдык иш-чараларга быйыл Кыргызстандан 10 ардагер жөнөп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Алардын үчөө президенттер менен өтө турган расмий иш-чараларга катышат. Ар биринин жанына бирден коштоп жүрүүчү барат. 

9-майда Москванын Кызыл аянтындагы аскердик парадга Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да катышат. Ошондуктан Бишкектеги аскердик парад 7-майда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG