Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Орусиянын Тергөө комитети Савченкого акыркы айыптоосун жарыялады


Камактагы украин учкучу Надежда Савченко.
Камактагы украин учкучу Надежда Савченко.

Орусиянын тергөө комитети камактагы украиналык учкуч Надежда Савченкого карата акыркы айыптоосун жарыялады. Тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркиндин айтымында, Савченкого "эки жана андан көп адамдын өлтүрүлүшүнө катыштыгы бар" жана "чек араны мыйзамсыз кесип өткөн" деген айыптар тагылды.

Тергөөнүн версиясына ылайык, 2014-жылдын июнунда Савченко украин аскерлерине орусиялык журналисттер жана башка жай тургундар жайгашкан жердин дарегин берген.

Аскерий операция маалында Игорь Корнелюк жана Антон Волошин аттуу орус журналисттери набыт кеткен. Кийин Савченко качкынмын деп Орусиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, документтерин текшерүү маалында кармалган. Украиналык учкуч ага тагылган айыптардын бардыгын четке кагып, ал орусиячыл козголоңчулардын колуна туткунга түшүп калганын жана алар Москвага өткөрүп коюшканын айтып келет.

Киев жана Батыш өлкөлөрү Минск макулдашуусундагы качкындарды алмашуу пунктуна таянып, бир нече жолу Кремлден украин учкучун бошотууну талап кылышкан.

Февралда Москванын Басман соту Надежда Савченконун абакта отуруу мөөнөтүн 13-майга чейин узарткан. Декабрь айында Савченко анын бошотулушун талап кылып, 80 күн ачкачылык кармаган. Кийин дарыгерлердин кеңеши менен токтоткон. 16-мартта ал ачкачылыгын улантты.

XS
SM
MD
LG