Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Ысык-Көлдө жаш активисттер курултай өткөрүшөт


Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда бүгүн жаш активисттер курултай өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Мирлан Шеркулов “Азаттыкка” билдирди. Курултай Ысык-Көл облусундагы лидер жаштардын демилгеси менен уюштурулган. Иш-чарага дубандын бардык райондорунан өкүлдөр чакырылып, алдыдагы туристтик сезонду мыкты деңгээлде өткөрүү, Кумтөр маселеси, күздөгү парламенттик шайлоо жана облуста көйгөйлүү деп эсептелген бир катар социалдык көйгөйлөр талкууланмакчы.

Курултайга парламенттеги беш фракциянын лидерлери, президенттин жана өкмөт аппаратынан өкүлдөр чакырылган. (AsA)

XS
SM
MD
LG