Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Акмат Сапаралиев Ош облусунун Өзгөн райондук сотунунун судьялыгынан бошотулду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Сапаралиев өзүнө карата кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу иштен алынды.
Ошондой эле жаш курагына байланыштуу Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрайымы Максуда Оморова менен Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун төрагасы Шаршенбек Астаркуловдун да ыйгарым укуктары токтотулду.
Тийиштүү жарлыктарга Атамбаев 23-апрелде кол койду. (SE)