Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Алматыда көпүрө кулап, 19 адам жаракат алды


Казакстандын Алматы шаарына курулуп жаткан асма көпүрө 24-апрелде кулап түшүп, 19 адам жаракат алды. Бир кишинин дайыны чыкпай жатат. Алардын баары курулушта иштеп жаткан жумушчулар экени айтылууда. Жаракат алгандардын арасынан үч кишинин абалы оор. Бардыгы казак жарандары. Көпүрө кулаган учурда ал жерде 50 адам иштеп жаткан эле.

Кулаган көпүрөнүн узундугу 125, кеңдиги 18 метрге жетет. Аны быйыл пайдаланууга берүү пландалган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG