Жергиликтүү маалымат булактары зилзаладан кеминде 114 адам мерт кеткенин билдирди. Жүздөгөн үйлөр кыйрап, 19-кылымда курулган Дхарахара мунарасы да кулап түштү. Урандылар арасында дагы кишилер бар экени айтылууда.
Күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү 25-апрель күнү түшкө жуук мамлекеттин борбору Катманду шаарынан түндүк-батышты карай 80 чакырым алыста болду. Силкинүү жарым мүнөткө созулганы, ал Индия менен Пакистанда да байкалганы кабарланды. (SE)