Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Apple акылдуу сааттары сатыкка чыкты


Apple Watch сааты.
Apple Watch сааты.

Apple компаниясынын көптөн бери күтүлүп жаткан Apple Watch деп аталган акылдуу сааттары 24-апрелде сатыкка чыгарылды. Азырынча саат Лондон, Париж, Берлин, Милан, Токио жана Лос-Анжелестеги Apple дүкөндөрүндө соодага коюлду. Баасы көлөмүнө жана өзгөчөлүгүнө жараша 349 доллардан 17 миң долларга чейин.

Бирок бул ирет IPhone 6 жана IPhone 6 Plus телефондору алгач сатыкка чыгарылгандай чоң ажиотаж байкалбады.

Буга чейин башка фирмалар чыгарган акылдуу сааттардын кубаты тез эле түгөнүп калганы алармандардын кызыгуусун жоготкон. Бирок Apple директору Тим Кук Apple Watch бир жолу толтурулган кубат менен 18 саат иштейт деп ишендирүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG