Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

Непал өкмөтү кырсыктан 900гө жакын адам өлгөнүн билдирди


Непал өкмөтү борбор калаа Катманду шаарына жакын аймакта катталган зилзаладан кеминде 876 адам өлгөнүн билдирди. Алардын 500дөн ашууну борбор калаа тургундары. Жүздөгөн үйлөр кыйрап, 19-кылымда курулган Дхарахара мунарасы да кулап түштү. Урандылар арасында дагы кишилер бар экени айтылууда.

АКШнын Геология кызматы кабарлагандай, күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү 25-апрель күнү түшкө жуук Катмандудан 80 чакырымдай алыста болду. 15 чакырым тереңдиктеги силкинүү Индия менен Пакистанда да байкалды.

Кырсыктан улам Эверест чокусунда көчкү жүрүп, сегиз адам мерт кетти. Маалыматка ылайык, кар көчкү альпинисттер лагерин басып калган. (SE)

XS
SM
MD
LG