Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 08:33

“Ислам мамлекетинин” согушкерлери Ирак армиясынын генералын өлтүрдү


Ирактын түндүгүндөгү Фаллужа шаарында өкмөттүк күчтөр менен өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтун согушкерлеринин ортосунда аёсуз салгылашуу уланууда. 25-апрель күнү согушкерлер 1-дивизиянын жетекчиси Хасан Аббас Тофан менен кошо үч офицерди жана 10 жоокерди өлтүрдү.

Ишемби күнү алар туткунга алынган офицерлер менен жоокерлерди унаага салып, Фаллужа көчөлөрүндө элге көрсөтүп жүрүштү.

“Ислам мамлекети” тобу 25-апрелдеги салгылашуудан кийин Тиртар көлүнүн түштүк тарабындагы суу сактагычтын бир бөлүгүн өз көзөмөлүнө алды. Интернетке жарыяланган тасмаларда согушкерлер Багдад жана башка аймактарды суу ташкынынан сактап турган тосмолордун үстүндө жүргөнү көрсөтүлгөн.

Ал арада Анбар облусундагы чек ара пунктуна да чабуул жасалып, 4 жоокер өлгөнү, 10 аскер жарадар болгону кабарланды. (SE)

XS
SM
MD
LG