Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Бүгүн кыргыз-орус парламентарийлери жолугат


Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Федералдык жыйынынын кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиясынын IV отуруму Ош шаарында болот. Анда эки тараптуу кызматташууну жандантуу маселеси караларын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

27-28-апрелге белгиленген жыйындын алкагында парламентарийлер Ош облустук жана шаардык бийликтин жетекчилери менен жолугушат. Андан сырткары Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен пикир алмашышат.

Парламенттер аралык комиссиянын тең төрагалары - Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев жана Орусия Мамлекеттик Думасынын Коргоо комитетинин төрага орун басары Виктор Заварзин. (SE)

XS
SM
MD
LG