Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Атамбаев Назарбаевди кайра шайланышы менен куттуктады


Нурсултан Назарбаев шайлоодогу жеңиши майрамдалган концертте. Астана, 27-апрель, 2015-жыл.
Нурсултан Назарбаев шайлоодогу жеңиши майрамдалган концертте. Астана, 27-апрель, 2015-жыл.

Кыргыз президентинин куттуктоо телеграммасында Нурсултан Назарбаевдин шайлоодогу “ишенимдүү жеңиши” анын мамлекет башчысынын кызматындагы эмгегин Казакстандын эли “талашсыз тааныганынын”, жүргүзүлүп жаткан саясий реформаларга “ишеним жогорулугунун” дагы бир далили экени айтылган.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, кечээги мөөнөтсүз шайлоодо Назарбаевди добуш бергендердин 97,7% колдоду. Добуш берүүгө болсо элдин 95,22% келди.

Нурсултан Назарбаев ушуну менен мамлекет башчылыкка бешинчи мөөнөткө шайланды.

ЕККУнун байкоочу миссиясы Казакстандын бул президенттик шайлоосунда реалдуу оппозициянын жоктугунан жана ой-пикир билдирүү эркиндиги чектелгендиктен шайлоочулар үчүн тандоо аз болгонун белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG