Шашылыш билдирүү
28-29-апрелде түнкүсүн Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде 0...-2° га чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын мөмөлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунучтуу.
Ошондой эле 26-28-апрелинде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Аба ырайы:
28-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш жактан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 3...8, күндүз 19...24,
Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19,
Баткенде түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21,
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 17...22,
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 20…22 градус болот.