Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:47

БУУ: Непалдагы зилзаладан 8 млн. киши жапа чекти


Непал
Непал

Бириккен улуттар уюму Непалдагы жер титирөө сегиз миллион кишиге залал келтиргенин бышыктады. 25-апрелде жер титирегенде Гималай тоолорунун коюнунда жайгашкан бул өлкөдө дээрлик 4400 кишинин өмүрү кыйылып, 1 миллион 400 миң киши ачарчылыкка кабылды. БУУнун Катмандудагы координаторлору жапа тарткан сегиз миллион кишинин эки миллиону өзгөчө талкаланган 11-ооданда экендигин билдиришти. Ал эми Женевада Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалымат катчысы Элизабет Бырс азыр жол тыгындары өзгөчө кыйынчылык түзүп жаткандыгын айтты:

- Жүк ташуу кыйын болуп жатат. Аба бекеттерине учак батпай, жолдордо тыгын көп. Ошондой эле көп жолдордон киши өтө албайт, дагы сел жүрүп же таштар кулаштары мүмкүн. Ошондуктан жол менен жүк ташуу да кыйынчылык жаратууда.

Бийликтер ишембидеги жер титирөөдөн жараат алгандардын саны 8 миңге жеткендигин билдирүүдө. Ооруканаларда киши батпай, суу, азык-түлүк, электр кубаты тартыш. Кошмо Штаттары Непалга 10 миллион доллардык жардам бөлөрүн кабарлады. Кытай менен Индия биринчилерден болуп жардамга келди. Непалда 28 миллион киши жашайт.

XS
SM
MD
LG