Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:18

Порошенко: согуш коркунучу күчүндө


Киевдеги Украинага эл аралык жардам көрсөтүү конференциясында сүйлөгөн Порошенко Украина азыр жардамга жана «боордоштукка» муктаж экендигин билдирди:

- Силердин жардамыңар менен Донбасстагы кырдаал тынч жол менен жөнгө салынат, Минск келишими толугу менен ишке ашуусу керек. Буга биздин шериктер ар тараптуу, чечкиндүү жардам көрсөтөт деп ишенебиз. Бизде дагы деле согуш коркунучу сакталууда. Ар бир мүнөттө дүрт этип кетиши мүмкүн.

АКШнын вице-президенти Жо Байден Киев конференциясына видео аркылуу катышып, Минск келишими толук аткарылмайынча, Орусияга каршы санкциялар күчүндө калышы керектигин эскертти.

Ал арада украин армиясы Минскиде жетишилген элдешүү келишиминде тыюу салынганына карабастан, жикчилдер кайрадан ракета аткычтарды колдонуп жаткандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG