Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Букмекердик кеңселер бүгүндөн тарта ишин токтотот


Кыргызстанда букмекердик кеңселер жана тотализаторлорго тыюу салуу боюнча мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-февралда кабыл алып, апрелдин башында президент кол койгон. Мыйзам бүгүндөн тарта күчүнө кирип, мындай жайлар ишин токтотушу керек. Мыйзамдын аткарылышына Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы көзөмөлдүк жүргүзөт. Мыйзам демилгечилери аталган мекемелер казино сыяктуу эле кумар оюндарына кирерин, андан көптөгөн адамдар жабыркап жатканын жүйө келтиришкен.

Букмекердик кеңселер мыйзам аркылуу жабылганы менен алар ишмердүүлүгүн көмүскөдө жүргүзө берээрин, мындай жагдайда өкмөт салыктан кур калаарын айткандар да бар.

Кыргызстанда 2012-жылдан тарта мыйзам аркылуу казино, кумарканаларга тыюу салынган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG