Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Жамбылдагы жол кырсыгында жараат алгандардын дагы бири каза тапты


Казакстан -- Кыргыз жарандары кабылган жол кырсыгы, 19-апрель, 2015.
Казакстан -- Кыргыз жарандары кабылган жол кырсыгы, 19-апрель, 2015.

Казакстандын Жамбыл облусунда болгон автокырсыктан жараат алган 44 жаштагы Таалайбек Сейитбеков бүгүн эртең менен каза тапты. Ал Бишкекке алып келинип, ооруканада дарыланып жаткан эле. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ошентип бул жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандыктардын жалпы саны 17ге жетти. Жараат алган эки адам учурда ооруканада. Алар да Бишкектеги ооруканага алып келинген.

Кырсык 19-апрелде Казакстандын Жамбыл облусунда болгон. Кыргызстандыктар түшкөн “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобус Оштон Орусиянын Екатеринбург шаарына кетип бараткан. Ичинде он жети жүргүнчү жана эки айдоочу болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG