Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Орусияда "Прогресс" партиясына саясаттын эшиги жабылды


"Прогресс" партиясынын башчысы Алексей Навальный.
"Прогресс" партиясынын башчысы Алексей Навальный.

Орусияда президент Путиндин жалгыз сынчысы Алексей Навальныйдын партиясынын каттоосу токтотулду. Юстиция министрлигинин 28-апрелде маалымдашынча, "Прогресс" партиясы өлкөнүн теңине жакын бөлүгүндө каттоо талабын аткарган эмес. Бул партия 2016-жылкы парламенттик шайлоого маркум Немцов негиздеген РПР-Парнас партиясы менен чогуу катышалы деп макулдашкан эле . “Албетте, бул биздин демократиялык коалиция түзүүбүзгө берлиген жооп болду,” - деп жазды Навальный өз сайтында.

Борис Немцов 27-февралда Кремлдин чет жакасында көңүлдөш кызы менен баратканда атып өлтүрүлгөн. Оппозиция Немцовдун өлүмү үчүн жоопкерчиликти президент Путинге жүктөгөн.

XS
SM
MD
LG