Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

«Ата Мекен» премьерликке көрсөтүлгөн Сариевдин талапкерлигин колдоду


Темир Сариев
Темир Сариев

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы премьер-министрликке көрсөтүлгөн Темир Сариевдин талапкерлигин колдоду. Мындай чечимди аталган фракция бүгүнкү жыйынында кабыл алганын “атамекенчи” депутат Ташболот Балтабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, көпчүлүк коалиция тарабынан өкмөт башчылыкка Сариевдин талапкерлиги сунушталган. Ошондуктан фракция жыйынында бул маселе талкууланып, Сариевдин талапкерлигине токтотулушкан.

Балтабаев Темир Сариевдин премьер-министр болушуна президент Алмазбек Атамбаев да колдоосун билдиргенин кошумчалады.

Буга чейин эле Темир Сариев премьер-министрликке негизги талапкер катары аталып жаткан эле.

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев өткөн аптада өз арызы менен кызматтан кеткен. Мыйзам боюнча он беш күн аралыгында жаңы премьер тандалышы зарыл. (BkA/AiT)

XS
SM
MD
LG