Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Көпчүлүк коалиция премьерликке Темир Сариевди тандады


Темир Сариев
Темир Сариев

Жогорку Кеңештеги парламенттик коалиция премьер-министрликке талапкер катары экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевди тандады. Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, депутат Бахтияр Кадыров билдирди. Анын айтымында, коалицияга кирген Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары бүгүн жыйын өткөрүп, Сариевдин талакерлигине токтолушкан.

- Сариев парламенттин ишин жакшы билет. Ал өкмөттүн ишин да жакшы билип, экономика министри болуп иштеп атат. Муну менен катар Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча жумушчу топтун башчысы. Ошондуктан кеңири чөйрөдөгү адис катары анын талапкерлигин тандадык, - деди Кадыров.

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев өткөн аптада өз арызы менен кызматтан кеткен. Мыйзам боюнча он беш күн аралыгында жаңы премьер тандалышы зарыл. (BkA)

XS
SM
MD
LG