Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Бишкекте "Мугалим" аттуу коомдук бирикме түзүлдү


Бишкектеги мектептердин биринде, 1-сентябрь, 2012.
Бишкектеги мектептердин биринде, 1-сентябрь, 2012.

Коомдук бирикме мугалимдердин, тарбиячылардын, билим берүү жана илим тармагында иштеген кызматкерлердин социалдык, гуманитардык, экономикалык укуктарын коргоо жана алардын эмгек шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүү максатында түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев билдирди. Бирикмени ал санаалаштары менен бирге түзгөн.

Бирикме мугалимдердин кызыкчылыгын коргоо жана колдоо, өлкөдө билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.

Кыргызстанда мугалимдер аз маяна алган жана социалдык жактан жакшы корголбогон катмарга кирет.

XS
SM
MD
LG