Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Премьерликке Сариевдин талапкерлиги расмий сунушталды

Kyrgyzstan - Temir Sariev, the leader of "Ak Shumkar" party, 6September2011
Kyrgyzstan - Temir Sariev, the leader of "Ak Shumkar" party, 6September2011

Жогорку Кеңештеги парламенттик коалиция премьер-министрликке талапкер катары экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевди тандаганын расмий жарыялады. Бул тууралуу бүгүнкү парламент жыйынында аталган коалиция лидери Феликс Кулов билдирди. Анын айтымында, Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары жыйын өткөрүп, Сариевдин талапкерлигин тандаган.

Эми жаңы өкмөт башчынын бекитүү маселеси бүгүн түштөн кийин каралары күтүлүүдө.

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев өткөн аптада өз арызы менен кызматтан кеткен. Мыйзам боюнча он беш күн аралыгында жаңы премьер тандалышы зарыл.(BkA)

XS
SM
MD
LG