Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

АКШ шаарларында миңдеген адам катышкан демонстрациялар өттү


Нью-Йорктогу демонстрация. 29-апрель, 2015-жыл.
Нью-Йорктогу демонстрация. 29-апрель, 2015-жыл.

Балтимор, Бостон, Нью-Йорк, Вашингтондун көчөлөрүнө чыккан миңдеген демостранттар Балтимордун полиция камагында кара жигиттин каза тапканына нааразылык билдиришти. Демонстранттар полициянын иштөө эрежелерин реформалоого, адам өмүрүн кыйган полициячыларды жазасыз калтырбоого чакырышты. Демонстранттардын пикиринде, полициянын катаал мамилесине көбүнесе кылмышка шектелген кара түстүүлөр кириптер болуп жатат.

Нааразылык акциялары негизинен тынч өттү, тополоңдорго жол бербөө үчүн коменданттык саат киргизилген. Нью-Йоркто 60тай, Балтимордо 16 киши камакка алды.

Демонстрацияларга тушташ “Вашингтон Пост” гезити жарыялаган баяндамада полиция камагында мерт болгон Фредди Грейд өз денесине өзү зыян келтирүүгө аракеттенгени айтылган. “Вашингтон Посттун” баяндамасында белгиленгендей, Грейд полиция фургонунда коопсуздук курун тагынбай, анын кузовун сүзүп “өзүн-өзү атайлап жарадар кылууга” умтулган.

Балтимордун полициясы кылмышка шектүү катары 12-апрелде камакка алган, 25 жаштагы Фредди Грейд алган жаратынан абакта каза тапкан эле.

Анын өлүмү АКШнын бул шаарында тополоңдорду жаратты. (UE)

XS
SM
MD
LG