Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Сот “Бир дүйнө - Кыргызстандын” кеңсесин тинтүүнү мыйзамсыз деп тапты


Ош облустук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин «Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесин жана адвокаттар Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйүн тинтүүнү мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу укук коргоочу уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, сот мындай чечимди бүгүн кабыл алды.

27-мартта УКМК "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун Оштогу кеңсесинде жана адвокаттар Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйүндө тинтүү жүргүзүп, ноутбук, флеш-карта, диктофон, дисктерди алып кеткен. Муну атайын кызмат шек жараткан америкалык журналист Умар Фаруктан аталган уюмдун кызматкерлеринин визиттик карталары табылганы менен байланыштырган.

Бирок 28-мартта Умар Фарук кылмышка тиешеси жок экенин сот аныктаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG