Жогорку Кеңеш бүгүн, 30-апрелде өкмөттүн курамы жөнүндө токтом кабыл алып, төмөнкүдөй курамды бекитти:
Темир Сариев – Кыргыз Республикасынын премьер-министри;
Тайырбек Сарпашев - биринчи вице-премьер-министр;
Абдырахман Маматалиев – вице-премьер-министр;
Валерий Диль - вице-премьер-министр;
Дамира Ниязалиева - вице-премьер-министр;
Нурханбек Момуналиев – Өкмөттүн Аппарат жетекчиси;
Эрлан Абдылдаев - Тышкы иштер министри;
Мелис Турганбаев - Ички иштер министри;
Жылдыз Мамбеталиева - Юстиция министри;
Адылбек Касымалиев - Каржы министри;
Олег Панкратов - Экономика министри;
Таалайбек Айдаралиев - Айыл чарба жана мелиорация министри;
Аргынбек Малабаев - Унаа жана байланыш министри;
Кубатбек Боронов - Өзгөчө кырдаалдар министри;
Кубанычбек Турдубаев - Энергетика жана өнөр жай министри;
Элвира Сариева - Билим берүү жана илим министри;
Талантбек Батыралиев - Саламаттык сактоо министри;
Алтынбек Максутов - Маданият, маалымат жана туризм министри;
Кудайберди Базарбаев - Социалдык өнүктүрүү министри;
Айбек Азыранкулов - Эмгек, миграция жана жаштар министри.
Эрежеге ылайык, Коргоо министри менен Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын президент дайындайт. (SE)