Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Ирак өкмөтү “ИМ” тобунун чабуулу учурунда качкандарга мунапыс сунуш кылды


Премьер-министр Хайдер ал-Абадинин өкмөтү тараткан бүгүнкү билдирүүгө караганда, мунапыс коопсуздук күчтөрүнүн былтыр “Ислам мамлекети” радикал тобу өлкөнүн түндүгү менен батышын ээлеген кезде качып кеткен же кызматын таштаган өкүлдөрүнө жайылтылат.

Алар мунапыска илиниш үчүн өз бөлүктөрүнө 30 күндүн аралыгында кайтып баруулары абзел. Бирок билдирүүдө белгиленгендей, мунапыс мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыш жасагандарга, коррупцияга аралашкандарга, кызматынан кыянат пайдалангандарга колдонулбайт.

“Ислам мамлекети” радикал тобунун былтыр июндагы чабуулу учурунда Ирактын күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөндөрдүн бир бөлүгү униформаларын чечип, унааларын, курал-жарактарын жана башка жабдууларын таштап кеткен эле.

Андан бери АКШ баштаган коалициянын “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы аба соккуларынын, өкмөттү колдогон кошуундардын жана Ирандын жардамы артында Ирактын коопсуздук күчтөрү бир топ аймакты кайра ээлей алды. (UE)

XS
SM
MD
LG