Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

Ооган күчтөрү "Талибанды" Кундуздан сүрүп чыгаруу аракетин көрүүдө


Ооган коопсуздук күчтөрү Кундуз аэропортунда. 30-апрель, 2015-жыл.
Ооган коопсуздук күчтөрү Кундуз аэропортунда. 30-апрель, 2015-жыл.

Ооган күчтөрүнүн "Талибан" кыймылын өлкө түндүгүндөгү Кундуз шаарынын чегинен сүрүүнү максат кылган аскерий операциясы бейшемби күнү да уланды. Бирок коопсуздук күчтөрү Кундуздун түндүк- батышындагы Гүл Тепе районун талибдерден бошотуу аракетинде кыйынчылыктарга кабылууда.

Кундуз провинциясында "Талибандын" жазгы чабуулуна каршы уруштар бир аптадан бери жүрүп жатат. Бул аралыкта "Талибандын" 2000дей согушкери Кундуз провинциясынын төрт башка бөлүгүндө аймактарды ээлеп алган. Бул жагдай аларга шаарды, анын ичинде стратегиялык Кундуз аэропорту жайгашкан түштүк тараптан да курчоого мүмкүндүк берүүдө.

Провинциянын губернатору Мохаммад Омар Сафи бейшембиде Кундуз "Талибанга" багынбай турганын убада кылды. Бирок ал "Талибанды" артка сүрүү чет элдик аскерий колдоосуз кыйын болуп жатканын да моюнга алды.

Ооган күчтөрү чет элдик аскерий колдоого былтыр декабрда АКШ жана НАТО аскерлеринин көбү чыгып кеткенге чейин ээ болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG