Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Ош ШИИБ: Башаламандык тууралуу сөздөр негизсиз


Ош шаарынын кире бериши
Ош шаарынын кире бериши

Ошто шаардык Ички иштер башкармалыгы элди соңку кездери тарап жаткан ушак-айыңдарга ишенбөөгө чакырып, коомдук абал туруктуу экенин маалымдады.

30-апрелде Ички иштер министрлигинин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков жыйын өткөрүп, кол астындагыларга коомдук көзөмөлдү күчөтүүгө, улут аралык кастык козутууга аракет жасагандары кармоого буйрук берди.

Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү калаада “1-майдан 10-майга чейин башаламандык болуп, терракт жасалышы ыктымал” деген сөздөр тараган.

Милиция беш жыл мурунку июнь окуясынан бери жыл сайын май-июнь айларында түрдүү ушактар күчөп жатканын билдирип, элди жасалма дүрбөлөңгө ишенбөөгө чакырат. (SE)

XS
SM
MD
LG