Жардыргыч зат орнотулган машинелер 30-апрель күнү кечинде борбор калаа Багдаддын көчөлөрүндө жарылган. Терракттын бири борбордук Ар-Хуррия көчөсүндөгү балдар ооруканасынын жанында, үчөө Талбия районунда, экөө Ур районунда ишке ашырылган.
Шаардагы комменданттык саат быйыл февраль айында алынгандан бери талиптердин түрдүү чабуулдарды көбөйгөн.
Соңку күндөрү унаалардын жарылышы көп катталып, киши өлүмү көбөйө баштады. (SE)