Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Садыр Жапаров соттолгонун жоюу боюнча сотко кайрылат


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров бул тууралуу учурда жашап жаткан Польшадан телефон аркылуу билдирди. Анын айтымында, кечээ Жалал-Абад соту мурдагы партиялашы Камчыбек Ташиевдин ишин жокко чыгарган соң ал да ушундай чечим кабыл алган.

“Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 2012-жылы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга аракет жасаган, өкмөт үйүн басып алууга аракеттенген деген айып менен камакка алынып, сегиз айдан ашуун УКМКнын абагында жаткан. Бишкек шаар соту тарабынан акталып, кийин Жогорку Сот кайрадан айыптаган чечим чыгарган. Ага ылайык Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров 1 жыл 5 айга кесилип, Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатынан ажыратылган.

Бейшембиде Жалал-Абад шаардык соту Камчыбек Ташиевдин соттолгонун жоюу боюнча чечим чыгарган.(BkA)

XS
SM
MD
LG