Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Чек ара кызматы Кара-Бактагы окуя боюнча түшүндүрмө берди


Облустук акимчиликтин алдына топтолгон эл, Баткен. 1-май, 2015.
Облустук акимчиликтин алдына топтолгон эл, Баткен. 1-май, 2015.

Сымап сатып алуу үчүн чек арадан мыйзамсыз өткөн Тажикстандын жети жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы Баткендин Кара-Бак айылындагы окуя боюнча түшүндүрмө берип жатып билдирди. Маалыматка ылайык, кармалгандардын үчөө Тажикстандын президентине караштуу Баңгизат менен күрөш боюнча агенттигинин кызматкерлери. Мындан сырткары бул ишке катышы бар деген шек менен үч кыргыз жараны да кармалды.

Чек ар кызматынын маалыматы боюнча, 30-апрелде Тажикстандын тогуз жараны Кыргызстандын аймагындагы Кара-Бак айылына мыйзамсыз кирип, кыргыз жаранынан 180 килограмм сымап сатып алууга аракет кылган. Ошол мезгилде жакындап келаткан кыргыз чек арачыларын көрүп, эки тажик жараны айылдын эки тургунун күч менен унаага салып, өз өлкөсүнүн аймагына кирип кетүүгө жетишкен. Кыргыз чек арачылары качууга үлгүрбөгөн жети тажик жана үч кыргыз жаранын кармап, УКМКнын Баткен облустук башкармалыгына өткөрүп берди.

Бүгүн бул окуя боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугуп, териштирүү жүргүзгөнү жатат.

Ошол эле учурда Тажикстандын күч органдары окуя боюнча өз версиясын билдирүүдө. “Азаттыктын” тажик кызматы жазгандай, коңшу өлкөнүн Баңгизат менен күрөш боюнча агенттигинин кызматкерлери мыйзамсыз 80 килограмм сымап менен төрт кыргыз жаранын кармаган. Мындан соң тергөөчүлөр Кыргызстан менен чектешкен Лаккон аймагына келгенде аларды кыргыз чек арачылары кармап алганы айтылат.

Бүгүн Баткендин Кара-Бак айылынын тургундары облустук акимияттын алдында нааразылык акциясын өткөрүүдө. Алар тажик тарап күчтөп алып кеткен эки айылдашын бошотуп келүүнү талап кылышууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG