Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Кызыл-Кыяда бир ата беш айлык баласын өлтүрүп, өз өмүрүн да кыйды

Кызыл-Кыя шаарында 35 жаштагы бир киши беш айлык баласын мууздап, андан соң өзүнүн колундагы жана мойнундагы кан тамырын кесип салганын Баткен облустук милициясынан бүгүн кабарлашты. Бул кайгылуу окуя 30-апрелде болгон. Ал учурда үйдө ата-баладан башка эч ким болгон эмес. 

Азыр соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө жүрүүдө. Баласы менен өзүн кошо өлтүргөн кишинин аялы күйөөсү акыркы 3-4 жылдан бери психикалык жактан жабыркап жүргөнүн айткан. Дарыгерлер ал шизофрения менен ооруп жүргөнүн аныкташкан.

 

XS
SM
MD
LG