АКШнын Айова штатында куш тумоосуна байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Штаттын губернатору тоок фабрикалары жана фермаларында вирус табылганын жума күнү жарыялаган. Маалыматка ылайык, тогуз фермада куш тумоосунун вирусу тастыкталды. Бирок бул сан мындан эки эсе көп болушу мүмкүн деген кооптонуу бар. Губернатор куш тумоосу адамдын ден соолугуна зыянын тийгизбей турганын билдирүүдө.
Штатта эпидемиянын тарап кетишинин алдын алуу чаралары күчөтүлдү. Илдет жуккан тооктор жок кылынат. Алдын ала маалыматтар боюнча, аймакта 16 миллионго чейин тоок жок кылынышы мүмкүн. Айова - жумуртка өндүрүүчү эң чоң штат. Өткөн айда ушундай эле себептен Миннесота жана Висконсин штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланган.
АКШда куш тумоосу былтыр жылдын аягында жайыла баштаган. Ошондон бери ондогон өлкөлөр бул аймактардан тоок этин иморттоого толук же жарым-жартылай чектөө киргизген. (КЕ)