Жеңиштин 70 жылдыгына карата башкы салтанаттар 4-майда борбордук Ала Тоо аянтында башталат. Бул күнү окуучулардын катышуусунда театрлаштырылган “Жеңиштин жаш мураскерлеринин парады” деген аталышта салтанат өтөт.
Парадга 6 миң окуучу катышат. Бишкек мектептеринин окуучулары, балдардын чыгармачыл белгилүү коллективдеринин тарбиялануучулары, аскердик лицейлердин курсанттары, жаш спортчулар согуш ардагерлерине жана чакырылган меймандарга кооз жана масштабдуу оюн-зоок тартуулашат.
Салтанатка президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариев баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. (КЕ)