Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Президент өкмөт мүчөлөрүн дайындады


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жаңы курамын дайындаган буйругун чыгарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Баш мыйзам боюнча президент үч күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган премьер-министрди жана өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Жарлыкка ылайык, Темир Сариев - премьер-министр, каржы министри Адылбек Касымалиев, экономика министри болуп Олег Панкратов, транспорт жана байланыш министри болуп Аргынбек Малабаев дайындалды. Калган министрликтерде өзгөрүү болгон жок.

Жогорку Кеңеш 30-апрелде премьер-министр кызматына Темир Сариевдин талапкерлигин жактырган. Ал бош турган министрликтерге аты аталган талапкерлерди сунуштаган болчу.

Сариев ушуну менен Кыргызстандын 27-премьери болуп калды. Жаңы өкмөт парламентте 6-майда ант берип, ишке расмий киришет. Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев өткөн аптада өз арызы менен кызматтан кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG