Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:41

Стамбулдагы кагылышууга байланыштуу 140тай киши кармалды


1-майда Түркиянын Стамбул шаарында демонстранттар тыюуга карабай Таксим районуна барууга аракеттенгенде полиция менен кагылышуу тутанган.

Коопсуздук күчтөрү суу атмаларды жана жаш агызчу газ колдонушту. Демонстранттар аларга таш, петарда ыргытып жооп кайтарышты. Полиция буга байланыштуу 140 адам кармалганын кабарлады. Активисттер кармалгандардын саны мындан алда канча көп экенин айтып жатышат.

Түрк полициясы менен демонстранттарынын 2013-жылы 1-майдагы кагылышуусунун арты ошол кездеги премьер-министр Режеп Тайип Эрдогандын бийлигине каршы ири нааразылык акцияларына алып барган. Анда да бийликтер Стамбулдун Таксим аянтына чогулууга тыюу салышкан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG