Кыргызстандын тарыхый, кооз жайлары белгиленген электрондук китепче даярдалууда. Анда туристтерди көбүрөөк тартат деген жерлер жана ага барчу жолдор белгиленет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият, туризм жана маалымат министринин орун басары, Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев билдирди. Анын айтымында, муну ишке ашыруу үчүн Google менен келишим түзүлүүдө. Ушул айда Кыргызстанга аталган компаниянын өкүлдөрү келери күтүлүүдө.
Буга чейин өлкөнү кыдырууга дилгир жергиликтүү тургундар жана ички туристтер кооз жайлардын тизмеси жана ага кантип баруу жолдору көрсөтүлгөн китепче же маалымат жок экенин сындап келишкен. (КЕ)