Ысык-Көл: чуркоо боюнча эл аралык марафон өттү
Ысык-Көл районунун Бостери айылында кечээ, 2-майда Москва олимпиадасынын марафондук жарышынын жеңүүчүсү, жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган чуркоо боюнча эл аралык марафон өттү. Иш-чарага жергиликтүү жана чет мамлекеттерден 700дөй спортчу катышууда. Марафондо спортчулар төрт дистанция боюнча, атап айтканда 5 чакырымдан 41 чакырымга чейин чуркашты. Эл аралык чуркоо марафону 2011-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө. Негизги максат - Кыргызстандын туризм, спорт тармагын пропагандалоо жана жаштарды сергек жашоого үндөө.